Deutsch Global – Немис тилин үйрөнүүнү жана тестирлөөнү колдоо, ошондой эле адилеттүү эмгек миграциясынын жолдорун түзүү
Долбоордун донорлору: DVV International, telc gGmbH
Долбоордун мөөнөтү: 09.02.2026 – 31.03.2027
«DeutschGlobal» долбоору — бул бүткүл дүйнө жүзү боюнча немис тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана децентрализациялоого багытталган DVV International жана telc gGmbH[1] уюмдарынын биргелешкен демилгеси. Долбоор чоңдорго билим берүү жана тил үйрөнүү жаатында туруктуу жана жогорку сапаттагы кызматташтыкты өнүктүрүү менен, жергиликтүү жана эл аралык стейкхолдерлор менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдейт. Анын миссиясы — билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү аркылуу адилеттүү жана туруктуу эмгек миграциясынын жолдорун түзүүгө көмөктөшүү. Кыргызстанда «DeutschGlobal» окуу ресурстарын колдонууну, мугалимдердин адистештирилген тренингдерин жана Германиядагы кесиптик билим берүү жөнүндө ишенимдүү маалыматка жетүүнү жайылтуу аркылуу тил борборлорунун жана мамлекеттик мекемелердин институционалдык потенциалын чыңдоого умтулат.
Кыргызстанда кесиптик багыттоону өнүктүрүү
Долбоордун донору: Bundesagentur für Arbeit (Германиянын Федералдык иш менен камсыз кылуу агенттиги)
Долбоордун узактыгы: 2025-жылдын апрели – 2026-жылдын декабры
Долбоор Германияда кесиптик билим алууга кызыккан Кыргызстандын жаштары үчүн масштабдуу кесиптик багыт берүү системасын түзүүгө, Германиянын дуалдык кесиптик билим берүү системасы тууралуу ишенимдүү жана кеңири маалымат берүүгө, кесипти аң-сезимдүү тандоого көмөктөшүүгө жана зарыл учурда башка билим алуу жолдору боюнча консультация берүүгө багытталган. Ошондой эле долбоор адилет миграция принциптерин колдойт жана ушул багыттагы башка демилгелерди толуктайт
Жаштардын санариптик башкаруу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү (Youth Go)
Долбоордун максаты:
Кыргызстанда жаштардын жарандык жана саясий укуктарын коргоо, жергиликтүү өз алдынча башкарууда катышууну кеңейтүү, мүмкүнчүлүктөрдү арттыруу жана санариптик куралдар менен массалык маалымат каражаттары аркылуу өз ара аракеттенүүнү камсыздоо.
Ишке ашыруунун мөөнөтү: 2024–2026-жылдар
Чоңдорду билим берүүнү Азияда илгерилетүү
Долбоордун максаты:
Кыргызстанда чоңдорду билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн кызыкдар тараптардын потенциалын мобилизациялоо жана күчөтүү, ошондой эле жергиликтүү муктаждыктарга жана глобалдык тенденцияларга жооп берген саясий алкакчаларды түзүү. Бул процесс Марракештик аракеттердин алкактарынын сунуштары жана Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына негизделет.
Ишке ашыруунун мөөнөтү: 2024–2026-жылдар
Долбоордун максаты:
Жаштардын кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүүнүн натыйжалуу моделин популяризациялоо жана Германиядагы дуалдык окутуу системасы боюнча сапаттуу кесиптик билим алууга жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.
Ишке ашыруунун мөөнөтү: 2024–2027-жылдар