Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик орган. ЖАМК менен өнөктөштүк 2012-жылы «ШАНС. Пенитенциардык системада чоңдорго билим берүү: жакшы келечекке мүмкүнчүлүк» долбоорунун алкагында башталган (DCI-ASIE/2011/280-517).

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлиги

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлиги — санариптештирүү, инновациялык технологиялар жана мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоо жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруучу борбордук аткаруу органы.

И. Арабаев атындагы КМУнун Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институту

И. Арабаев атындагы КМУнун Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунда Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясына ылайык, жогорку жана орто кесиптик билимдин базасында жалпы билим берүүчү мектептер үчүн кошумча кесиптик билим берүү жана кадрларды кайра даярдоо программалары ишке ашырылат.

Институт 1997-жылы И. Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими жана ректордун буйругу менен университеттин өз алдынча түзүмдүк бөлүмү катары негизделген.

Кыргызстандын кесиптик кошуундар федерациясы

Кыргызстандын кесиптик кошуундар федерациясы — өлкөдөгү эң ири коомдук-укуктук уюмдардын бири болуп саналат жана республика боюнча 500 000ден ашуун эмгекчилерди бириктирет.

Федерациянын негизги миссиясы — кесиптик кошуун мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо.