DVV International уюмунун Кыргызстандагы өнөктөштөрү мамлекеттик, мамлекеттик эмес жана эл аралык уюмдардан турат.
Мамлекеттик өнөктөштөргө Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргызстан профсоюздар федерациясы, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК), И. Арабаев атындагы КМУнун М. Р. Рахимова атындагы кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институту жана башка уюмдар кирет.

Мамлекеттик эмес өнөктөштөрдүн катарына Кыргызстандын Чоңдорду окутуу ассоциациясы (КЧОА), «Маалыматтык-ресурстук борборлор» коомдук бирикмеси, ошондой эле «Жаштардын өнүгүү институту», «Youth of Osh», «Ден соолук Нуру» коомдук фонду, «Инновациялык технологиялар жана билим берүү борбору» коомдук фонду, Кыргызстандын билим берүүсүн өнүктүрүү ассоциациясы жана башка бейөкмөт уюмдар кирет.

Эл аралык донор өнөктөштөр болуп Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча федералдык министрлиги
(Bundesministerium für wirtschaftliche Zusammenarbeit und Entwicklung, BMZ) жана Европа Биримдигинин Делегациясы саналат.

Кыргызстандагы өнөктөштөрүбүз тууралуу кеңири маалыматты төмөндө берилген шилтемелер аркылуу ала аласыздар.

Мамлекеттик өнөктөштөр

Беймамлекет өнөктөштөр

Эл аралык өнөктөштөр