Жаштардын кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү Бавариядагы дуалдык окутуу модели боюнча
2024–2027

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги менен Германия Федеративдик Республикасынын Федералдык жумуш агенттиги ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумунун алкагында Кам районундагы Эл университети (Volkshochschule im Landkreis Cham e.V), «Youth of Osh» коомдук бирикмеси жана DVV International (Германиянын Эл университеттеринин Ассоциациясынын Эл аралык кызматташтык институту) биргеликте «Баварияга кош келиңиз» долбоорун ишке ашырышат.

Долбоордун максаты: жаштардын кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүүнүн натыйжалуу моделин популяризациялоо жана Германиядагы дуалдык окутуу системасы боюнча сапаттуу кесиптик билим алууга мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.

Долбоорго Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү мекемелери жана уюмдары, ошондой эле Бавариянын Кам районундагы компаниялар жана билим берүүчү уюмдар катышат.

Үч жылдын ичинде долбоор Кыргызстандын жана Германиянын уюмдары ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө көмөктөшөт, анын ичинде:

  • Немис тилин жана Бавария маданиятын үйрөнүүнү колдоо;
  • Кесиптик мектептерге тапшырууга даярдоо жүргүзүү;
  • Ош жана Ош облусунун жаштары үчүн Кам районунда дуалдык окутуу жана кесип алуу боюнча консультациялар өткөрүү.

Долбоор ошондой эле Кам районунун жана Ош облусунун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө катышкан мугалимдердин жана тренерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Контактылар:

  • DVV International: Бишкек, Фрунзе көч., 402, тел.: +312 323901
    Координатор: Меерим Кудайбергенова, +996 554 349436, kudaibergenova@dvv-international.kg
  • ОО «Youth of Osh»: Ош, Ленина көч., 287, эл. почта: osh.youth@gmail.com
    Менеджер: Алтынай Базарбай, +996 700 700072