«Жаштарды санариптик башкаруу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» (Youth GO) долбоорунун алкагында — Европалык Биримдик тарабынан каржыланып, Германиянын Федералдык экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министрлиги (BMZ) менен кошумча каржыланган — Чакан гранттар программасы ишке киргизилди.
Азыркыга чейин Кыргызстандын бардык 7 облусунда 14 чакан грант ийгиликтүү жүзөгө ашырылып, санариптик чечимдерди, жарандык катышууну, лидерликти жана экологиялык жоопкерчиликти бириктирди.
Негизги багыттар
Санариптештирүү жана ИИ (искусственный интеллект):
- Айыл жергесинде ИИ колдонуу
- «Anonym Mektep» (Аноним мектеп) системасын ишке киргизүү
- Жаштар менен бийлик органдарынын ортосунда диалог түзүү үчүн медиа каналдар түзүү
Жарандык катышуу:
- Жаштар кеңештерин өнүктүрүү
- Жаштарды айылдык деңгээлдеги чечим кабыл алуу процессине тартуу
Лидерлик:
- Кесиптик багыттоо жана заманбап көндүмдөрдү берүү
- Жергиликтүү деңгээлде өзүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү
Жамаат жана экология:
- Жаштарды бириктирүү жана экологиялык демилгелерди колдоо
Негизги жетишкендиктер
Туруктуу мейкиндиктер жана инструменттер:
- Жаштар мейкиндиги жана санариптик инструменттер (мисалы, мектептеги коопсуздук жана обратная связь системалары) ишке киргизилди
- Болжол менен 7 000 окуучу жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн
Кадрдык потенциалды өнүктүрүү:
- 400дөн ашык катышуучу тренингдерге, викториналарга жана окуу иш-чараларына катышты
Жарандык диалог:
- 20+ коомдук диалог, тегерек столдор жана жолугушуулар өткөрүлдү
Башкаруу органдарына катышуу:
- 100дөн ашык жергиликтүү жамааттардын жана бийлик органдарынын өкүлдөрү катышып, жаштар менен жергиликтүү бийлик ортосунда туруктуу диалог механизми түзүлдү
Медиа өндүрүшү:
- 15+ социалдык видео жана медиа продукциялар түзүлдү
Жаштар демилгелерин жана уюмдарын колдоо
Бардык жаштар демилгелери жана уюмдар чакан гранттарды алышып, каржылык гана эмес, ошондой эле:
- Тренингдерге катышуу
- Ментордук колдоо алуу
- Зарыл техникалык жабдуулар (ноутбуктар, принтерлер, санариптик инструменттер) менен камсыздоо
Бул кеңири колдоо алардын долбоорлорун натыйжалуу ишке ашырууга, лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, өнүгүүгө багытталган демилгелерди түзүүгө жана жергиликтүү бийлик органдары менен продуктивдүү мамиле курууга мүмкүндүк берди.