«INCLUSION: Инклюзивдүү билим берүү жана иш менен камсыз кылуу багытындагы диалог» долбоорунун алкагында Кыргызстандын аймактарында жана улуттук деңгээлде чоңдордун билимин өнүктүрүү, инклюзивдүү билим берүү жана калктын ар түрдүү топтору үчүн ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерине арналган 48 диалогдук жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуулар мамлекеттик органдардын, жарандык коом уюмдарынын, билим берүү мекемелеринин жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн ортосунда ачык диалог жүргүзүү үчүн аянтча болуп берди. Алардын негизги максаты — чоңдордун билим алуусундагы учурдагы көйгөйлөрдү биргелешип талкуулоо, мүмкүн болгон чечимдерди издөө жана мындан аркы кызматташтыктын багыттарын аныктоо болду.
Катышуучулар өзгөчө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, аялдар, жаштар, айыл жергесинин тургундары жана башка аялуу топтор үчүн билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу маселелерине көңүл бурушту. Талкуулардын жүрүшүндө чоңдордун билим берүү программаларына катышуусуна тоскоол болгон факторлор каралып, билим берүү системасын ар бир адамдын муктаждыктарына жооп бере тургандай жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Мындай жолугушуулар билим берүү, иш менен камсыз кылуу жана социалдык колдоо багыттарында иш алып барган ар кандай уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрүн бир аянтчага чогултууга мүмкүнчүлүк түздү. Бул формат тажрыйба алмашууга, ар түрдүү көз караштарды талкуулоого жана учурдагы көйгөйлөрдү, ошондой эле аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун биргелешип түшүнүүгө шарт түздү.
Жалпысынан иш-чараларга 830дан ашуун адам катышты. Алардын арасында Кыргызстандын бардык аймактарынан келген мамлекеттик органдардын, жарандык коом уюмдарынын, билим берүү мекемелеринин жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү болду.
Жолугушуулардын жүрүшүндө айтылган сунуштар жана талкуулардын жыйынтыктары долбоордун мындан аркы ишмердүүлүгү үчүн негиз болуп, чоңдор үчүн жеткиликтүү жана инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү шарттарын жакшыртууга, мамлекет менен жарандык коомдун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле аялуу топтордун билим берүү жана коомдук жашоого катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталат.
INCLUSION: Dialogues for Inclusive Education and Employment Practices долбоору Кыргыз Республикасында жеткиликтүү жана инклюзивдүү чоңдордун билимин өнүктүрүүгө, ошондой эле аялуу топтор үчүн иш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Долбоорду DVV International Кыргызстандын Билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы (AED) менен өнөктөштүктө, Кыргыз чоңдорго билим берүү ассоциациясынын (KAEA) жана «Жаңырык» улуттук тармагынын активдүү катышуусу менен ишке ашырууда. Долбоор Европа Биримдигинин (ЕБ) жана Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин (BMZ) каржылык колдоосу менен жүзөгө ашырылууда.
Долбоордун негизинде System Building Approach (SBA) ыкмасы жатат. Бул ыкма мамлекеттик түзүмдөрдүн, жарандык коом уюмдарынын, билим берүү мекемелеринин жана иш берүүчүлөрдүн ортосунда туруктуу кызматташууну өнүктүрүүгө, чоңдор үчүн жеткиликтүү жана натыйжалуу билим берүү системасын түзүүгө жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө багытталган.