INCLUSION долбоорунун алгачкы жыйыны Бишкекте өттү

Европа Биримдиги жана Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлиги (BMZ) тарабынан каржыланган «INCLUSION: Инклюзивдүү билим берүү жана иш менен камсыз кылуу үчүн диалог» долбоорунун старттык жыйыны 2026-жылдын 25–26-март күндөрү Бишкек шаарында өттү. Иш-чарага 40тан ашык катышуучу, анын ичинде Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Делегациясынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана негизги өнөктөштөр — Кыргызстандагы DVV International, Кыргызстандагы Билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы (АРОК), Кыргызстандын чоңдорго билим берүү ассоциациясы (КАОВ) жана «Жанырык» улуттук тармагы катышты.

INCLUSION долбоорунун максаты — жарандык коом уюмдарынын (ЖКУ) сапаттуу, жеткиликтүү жана инклюзивдүү билим берүү жана эмгек кызматтарын көрсөтүүдөгү ролун күчөтүү, айрыкча аялуу топтордогу чоңдор жана жаштар үчүн. Долбоордун алкагында ЖКУлардын потенциалын жогорулатуу, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктарын талдоо, көп тараптуу диалогдогу ролун кеңейтүү жана билим берүү менен ишке орношуу шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле инклюзивдүү билим берүү кызматтарын жана жумуш мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү каралган.

Иш-чаранын ачылышында жогорку деңгээлдеги өкүлдөр куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү:
• Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чотонов Медер Осконбекович
• Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана улгайган жарандар маселелери боюнча башкармалыгынын башкы адиси Мамбетаипова Чолпон Асаналиевна
• Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин элчиси Реми Дюфло
• Кыргыз Республикасындагы Германия Федеративдүү Республикасынын элчиси Моника Ленхард
• Борбор Азия боюнча DVV International уюмунун аймактык директору Галина Веремейчик

Эки күндүк жыйындын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү маселелерди талкуулашты:
• долбоордун негизги компоненттери жана аларды ишке ашыруу ыкмалары;
• каржылык жана административдик жол-жоболор, анын ичинде мониторинг жана отчеттуулук системасы;
• коммуникация стратегиялары жана долбоордун көрүнүктүүлүгүн камсыз кылуу;
• катышуучулардын ролдору жана милдеттери, ошондой эле өнөктөштүк механизмдери.

Старттык жыйын долбоордун максаттары менен милдеттерин жалпы түшүнүүгө жетишүү, ишке ашыруу ыкмаларын макулдашуу жана эл аралык өнөктөштөрдүн, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү уюмдардын ортосундагы кызматташууну бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болду.

Өзгөчө көңүл инклюзивдүүлүккө жана бардык адамдар үчүн, анын ичинде аялуу топтордогу жаштар менен чоңдор үчүн билим алуу жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүнө тең жеткиликтүүлүккө бурулду. Иш-чара ошондой эле бирдиктүү стратегияга жана жалпы жоопкерчиликке негизделген долбоорду ишке ашырууга даяр болгон бекем команданы түзүүгө өбөлгө түздү.

INCLUSION долбоору 24 ай аралыгында — 2026-жылдын 1-февралынан 2028-жылдын 31-январына чейин — Кыргызстандын бардык жети облусунун тандалган шаарларында жана райондорунда ишке ашырылат.