Учурда санариптештирүү, технологиялык өнүгүү жана эмгек рыногунун трансформациясы менен шартталган ыкчам глобалдык өзгөрүүлөрдүн шартында чоңдорго билим берүү туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизги факторлорунун бирине айланууда.
Үзгүлтүксүз билим берүү концепциясы чоңдорго өз билимдерин жана көндүмдөрүн туруктуу түрдө жаңыртып турууга, жаңы кесиптик талаптарга ыңгайлашууга жана динамикалык өзгөрүп жаткан чөйрөдө атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, чоңдорго билим берүү ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө, социалдык интеграцияда жана адамдык потенциалды өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт.
Кыргыз Республикасында акыркы жылдары чоңдорго билим берүүнү өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда, бул багыттагы маанилүү кадамдардын бири −17-апрелди Чоңдорго билим берүү күнү катары белгилөө тууралуу токтомдун кабыл алынышы болду. Кабыл алынган чечим үзгүлтүксүз билим берүүнүн маанилүүлүгүн мамлекеттик деңгээлде таанууну чагылдырат жана анын өлкөнү өнүктүрүүдөгү стратегиялык ролун баса белгилейт жана белгилөө менен коом өмүр бою билим алуу маселелерине көңүл бурууну күчөтөт жана мамлекеттик түзүмдөрдүн, билим берүү уюмдарынын, жарандык коомдун жана чоңдорго билим берүү чөйрөсүндө иштеген эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасында чоңдордун муктаждыктарын эске алуу менен окутуу программаларын натыйжалуу ишке ашырууга жана заманбап билим берүү ыкмаларын жана технологияларын киргизүүгө жөндөмдүү чоңдорго билим берүү (андрагогика) чөйрөсүндөгү квалификациялуу адистерди даярдоо зарылчылыгы өзгөчө мааниге ээ болот.
Заманбап шартта чоңдорго билим берүү кесиптик өнүгүүнүн куралы катары гана эмес, санариптик трансформациянын, инновациялык өнүгүүнүн жана социалдык туруктуулуктун маанилүү ресурсу катары да каралат.
Демек, чоңдорго билим берүү тутумун андан ары өнүктүрүү, анын ичинде профилдик адистерди даярдоо, туруктуу, инклюзивдик жана билимге негизделген коомду калыптандыруунун зарыл шарты болуп саналат.
Макаланын автору: И.Арабаев ат.КМУнун М.Р.Рахимова ат Кошумча кесиптик билим беруу институтунун Табигый-математикалык билимдер кафедрасынын доценти Шаршенова Дамира Сыдыгалиевна